Кыргызстан менен Кытай гранттык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда буга чейин жетишилген макулдашууларды жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Акунбеков президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстандагы жолугушуусунун алкагында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча 30дан ашык документке кол коюлганын белгиледи.

Ал эми Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин жана жаңы багыттарда кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар гранттык долбоорлордун алкагында айыл чарбасын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, транспорттук жана бажы инфраструктурасын жакшыртуу, атайын техника менен камсыздоо жана айлана-чөйрөнү коргоо багыттарындагы иштерди талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда долбоорлорду ишке ашырууну ыкчамдатуу үчүн эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынан түзүлгөн жумушчу топтун үзгүлтүксүз отурумдарын өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X