Кыргызстан менен Кытай компаниясы кайра жаралуучу энергетикада кызматташууну талкуулады
Бүгүн, 9-июнда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров Кытай Эл Республикасынын Shuangliang Group холдингинин курамына кирген SL Gemini Energy Co., Ltd. компаниясынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн жана жылуулук менен камсыздоо системаларын модернизациялоо маселелерин талкуулашты.

Агенттиктин өкүлдөрү өлкөдөгү инвестициялык климат, “жашыл” экономика багытындагы долбоорлорго берилген мамлекеттик колдоо чаралары жана инвесторлордун укуктарын коргоо механизмдери тууралуу маалымат беришти.
Равшанбек Сабиров Кыргызстандын таза энергетика тармагында олуттуу потенциалга ээ экенин белгилеп, заманбап технологияларды киргизүүгө жана узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр инвесторлор үчүн өлкө ачык экенин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мүмкүн болгон кызматташуу багыттарын деталдуу иштеп чыгууну жана потенциалдуу долбоорлордун техникалык жана экономикалык параметрлерин андан ары изилдөөнү улантууга макулдашышты.