Кыргызстан менен Кытай медиа тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

29-июль, 2026-ж. / Редакция / Маданият 193

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева Кытай Эл Республикасынын Радио берүү жана телевидение боюнча мамлекеттик башкы башкармалыгынын (NRTA) өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда кыргыз-кытай маданий жана медиа кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, телерадио берүү, аудиовизуалдык тармак жана санариптик маалыматтык технологиялар боюнча өнөктөштүктү кеңейтүү маселелери каралды.

Тараптар маалыматтык-маданий байланышты чыңдоого, санариптик медиа жаатында тажрыйба алмашууга жана эки өлкөнүн телерадио уюмдарынын ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст

Мындан тышкары, маданий-агартуучулук жана даректүү программаларды, видеоконтенттерди өз ара алмашууну активдештирүү, ошондой эле Кытайдын телерадио тармагын санариптештирүү боюнча тажрыйбасын өздөштүрүү маселеси көтөрүлдү.

Жолугушууда эки өлкөнүн бай маданий-тарыхый мурасын чагылдырган сериалдарды, даректүү тасмаларды жана башка биргелешкен медиа долбоорлорду даярдоо боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Кытайдын маалыматтык-маданий кызматташтыгын тереңдетүүгө, эки элдин достугун бекемдөөгө жана радио-телевидение тармагындагы өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга багытталары белгиленди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X