Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган стратегиялык жолдо иштер кызуу жүрүүдө
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Барскоон – Бедел унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү жеринде текшерилди.
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев жана Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев объекттеги иштер менен таанышып, жолдун негизги тилкелеринде жана тоннелдерде аткарылып жаткан жумуштарды көрүштү.
Иш сапардын жүрүшүндө подрядчы China Road and Bridge Corporation (CRBC) компаниясынын өкүлдөрүнүн маалыматы угулду. Өзгөчө тоннелдердин курулушуна көңүл бурулду.
Маалыматка ылайык, №1 (Сөөк) тоннелде негизги тоннелди казуу иштери 365 метрге, пилоттук тоннелди казуу 466,2 метрге чейин жетти. Ал эми №2 (Ашуу-Суу) тоннелде негизги тоннелди казуу 270,2 метрге, пилоттук тоннелди казуу 361,4 метрге чейин аткарылды.
Жалпы узундугу 161 чакырымды түзгөн жолдун бардык тилкелеринде курулуш иштери уланууда. Учурда объектте 1 миң 700дөн ашык жумушчу эмгектенип, 814 даана атайын техника тартылган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө подрядчы компанияга курулуш иштерин белгиленген графикке ылайык сапаттуу бүтүрүү, коопсуздук талаптарын сактоо жана зарыл болгон ресурстар менен өз убагында камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди.
Барскоон – Бедел унаа жолу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жаңы эл аралык транспорттук коридорду түзүүгө багытталган стратегиялык долбоорлордун бири болуп саналат. Анын ишке кириши өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, чек ара аймактарынын жана экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.