Кыргызстан менен Маврикий ортосундагы байланыштар бекемделүүдө

18-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119

Садыр Жапаров 18-майда Баку шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясынын алкагында Маврикий Республикасынын Президенти Дхарамбир Гокхул менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле санариптештирүү, каржы сектору жана башка өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Маврикий менен эки жана көп тараптуу форматта кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстан Африка бирлигинде байкоочу макамын алганын эске салды.

Өз кезегинде Маврикийдин Президенти Дхарамбир Гокхул эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, эл аралык аренада чакан мамлекеттердин бири-бирин колдоосу маанилүү экенин белгиледи.

18-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X