Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты
Бүгүн, 2026-жылдын 18-июнунда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча видеоконференция болуп өттү.
Сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов, ал эми монгол тараптан Монголиянын Экономика жана өнүгүү министрлигинин мамлекеттик катчысы Идэшийн Батхуу жетекчилик кылышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экспорттук потенциалды кеңейтүү, өз ара соода көлөмүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү механизмдерин талкуулашты.
Ошондой эле Монголиядан эт азыктарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду. Бул багытта ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо жана продукциянын белгиленген стандарттарга шайкештигин камсыз кылуу маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришип, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү максатында үзгүлтүксүз диалогду улантууга макулдашышты.