Кыргызстан менен Монголия укук коргоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрөт
Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Жолугушууда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана анын келечектүү багыттары талкууланды.
Суюнбек Ниязбеков элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн достук мамилелерин чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Ошондой эле тараптар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана бул багытта биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.