Кыргызстан менен Омандын кызматташтыгынын негизги багыттары талкууланды
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Оман Султандыгынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия департаментинин башкы директору Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харити менен жолугушту.
Жолугушуу 6-октябрда Бишкекте өтүп, анда кыргыз-оман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды.
Омандык делегация Бишкекке ведомстволор аралык топту жетектеп келди. Сапардын негизги максаты — эки өлкөнүн экономикалык, соода, инвестициялык жана гуманитардык тармактардагы байланышын кеңейтүү.
Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана алдыдагы өз ара сапарлардын графигин талкуулашты.