Кыргызстан менен Өзбекстан финансылык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 118

2026-жылдын 29–30-июнунда Ташкент шаарында өткөн Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун Шайлоочулар тобунун жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – экономика жана финансы министри Жамшид Кучкаров менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда эки өлкөнүн финансылык-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы, Финансы министрликтеринин ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун аткарылышы жана мамлекеттик финансы, бюджеттик саясат багыттарындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле адистер ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык системаларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле эл аралык каржы институттарынын алкагында биргелешкен ишти координациялоо маселелери каралды.

Руслан Суйналиев эки өлкө ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелери мамлекет башчыларынын саясий эркинин негизинде ырааттуу өнүгүп, практикалык мазмунга ээ болуп жатканын баса белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин билдирип, меморандумду ишке ашырууну жандандыруу, адистер ортосунда тажрыйба алмашууну кеңейтүү жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттарда тыгыз кызматташууну улантуу боюнча макулдашышты.

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 118
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X