Кыргызстан менен Өзбекстан инвестициялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат

28-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 193

Бишкекте Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз-Өзбек бизнес-форуму өтүүдө.

Форум Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана өзбек тарап тарабынан уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын, каржы институттарынын, соода-өнөр жай палаталарынын, тармактык ассоциациялардын жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды чыңдоо, агроөнөр жай комплекси жана фармацевтика тармагындагы биргелешкен долбоорлор талкууланууда.Возможно, это изображение один или несколько человек

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кыргызстан менен Өзбекстандын инвестициялык өнөктөштүгү жаңы баскычка чыкканын белгилеп, форум ишкерлер үчүн түз байланыштарды түзүүгө жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берерин билдирди.

Ошондой эле форумдун алкагында B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар уюштурулуп, ишкерлер менен инвесторлор келечектүү долбоорлор жана кызматташтыктын жаңы багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.Возможно, это изображение один или несколько человек

Форумдун жыйынтыгында инвестициялык меморандумдарга, коммерциялык келишимдерге жана эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган башка документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Кыргыз-Өзбек бизнес-форуму эки мамлекеттин ортосундагы инвестициялык байланыштарды бекемдеп, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана бизнес өнөктөштүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X