Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай кооперациясын жаңы баскычка көтөрөт
Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай кооперациясын кеңейтип, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бул маселе «Кыргызстан — Өзбекстан: өнөр жай кооперациясы, инвестициялар жана соода» аттуу бизнес-форумда талкууланды.
Форумдун ачылышында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков эки өлкөнүн кызматташтыгы эми соода менен гана чектелбестен, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө багытталып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, оор өнөр жай, машина куруу, автомобил куруу, фармацевтика, ошондой эле транспорттук-логистикалык инфраструктура келечектүү багыттар болуп саналат. Ошондой эле өндүрүштү жергиликтештирүү, автокомпоненттерди биргелешип чыгаруу, жаңы технологияларды киргизүү жана экспортко багытталган өндүрүш чынжырларын түзүү боюнча кызматташуу күчөтүлөт.
Расмий маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 440,8 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,3 пайызга өстү. Импорт 336,5 млн долларга жетип, 1,7 эсеге көбөйгөн. Ал эми экспорт 104,3 млн долларды түзүп, 20,3 пайызга төмөндөгөн.
«Биздин максат – кадимки соода мамилесинен өнөр жай кооперациясынын жаңы деңгээлине өтүп, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштөрдү түзүү», – деди министр.
Кыргызстан бул багытта инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүүнү, индустриалдык парктарды, эркин экономикалык аймактарды жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү улантып, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө басым жасай турганын белгиледи.