Кыргызстан менен Өзбекстан суу чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

17-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 135

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды.

Сапардын алкагында ал Шавкат Хамраев менен жолугушуп, суу чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.

Нет описания фото.

Жолугушууда өзбек тарап өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, суу чарба тармагына заманбап илимий иштеп чыгууларды киргизүү, ошондой эле адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясы Суу чарбачыларынын мектебинин, китепкана комплексинин жана Ирригация жана суу көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институтунун лабораторияларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле композиттик материалдардан жасалган сугат лотокторун өндүргөн ишкананын иши менен жеринен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Нет описания фото.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар суу ресурстарын башкаруу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана алдыңкы тажрыйбаларды кеңири жайылтууга кызыкдар экендиктерин белгилешти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X