Кыргызстан менен Өзбекстан тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министрдин орун басары Амантур Турсуниязов Өзбекстандын Тоо-кен өнөр жайы жана геология министринин орун басары Рустам Юсупов менен жолугушту.
Тараптар геология, жер казынасын пайдалануу жана тоо-кен өнөр жайы тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле өкмөттөр аралык макулдашууларды ишке ашыруу жана кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти