Кыргызстан менен Пакистан соттолгон адамдарды өткөрүп берүү боюнча макулдашууну күчүнө киргизди

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119

Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аталган макулдашууга 2025-жылдын 4-декабрында Исламабад шаарында Президент Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлган.

Документ эки өлкөнүн кылмыш-жаза укуктук багытындагы кызматташтыгын чыңдоого багытталган. Ага ылайык, соттолгон жарандар жазасын өзүнүн жарандыгы болгон мамлекетте өтөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Башкы прокуратура белгилегендей, бул механизм соттолгондордун укуктарын коргоого, алардын үй-бүлөлүк жана социалдык байланыштарын сактоого, ошондой эле коомго кайра аралашуусуна шарт түзөт.

Учурда Кыргызстандын жаза аткаруу мекемелеринде Пакистандын 18 жараны жазасын өтөп жатат. Макулдашуу күчүнө киргенден кийин алар белгиленген тартипте өз өлкөсүнө өткөрүп берүү боюнча өтүнүч менен кайрыла алышат. Ар бир кайрылуу эки мамлекеттин мыйзамдарына жана макулдашуунун талаптарына ылайык өзүнчө каралат.

Макулдашуунун долбоорун даярдоо, Пакистан тарабы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана аны күчүнө киргизүү боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлдү.

Башкы прокуратура кылмыш-жаза чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана жарандардын укуктарын коргоо багытындагы иштерди улантарын билдирди.

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X