Кыргызстан менен Россия аймактар аралык инвестициялык кызматташтыкты күчөтөт

8-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 242

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда талкууланды.

Форумдун алкагында өткөн «Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусу. Мыкты долбоорлордун бет ачары» аттуу тегерек столго Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров катышты.

Ал Россия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири экенин белгилеп, аймактар аралык байланыштарды чыңдоо жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана инвестиция тартууга жол ачарын айтты.

«Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Мыйзамдык базаны өркүндөтүп, инвестициялык долбоорлорду коштоонун заманбап санариптик механизмдерин киргизип жатабыз», — деди Сабиров.

Ошондой эле ал Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, инвестициялык климатты жакшыртуу, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана инновациялык экономиканы өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Тегерек столдо өнөр жай кооперациясы, транспорттук-логистикалык инфраструктура, санариптештирүү, агроөнөр жай комплекси жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

8-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 242
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X