Кыргызстан менен Россия баңгизатка каршы күрөштө кызматташтыкты күчөтөт

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97

Кыргызстан менен Россия баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөштө кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууну көздөйт.

Бул тууралуу Душанбе шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин ички иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өткөн эки тараптуу жолугушууда белгилүү болду.

Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков менен Россиянын ички иштер министри, полициянын генералы Владимир Колокольцев жолугушуунун жыйынтыгында баңгизат, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Документтин алкагында 2026–2028-жылдары Кыргызстанга Россиянын колдоо программасынын кезектеги этабын ишке ашыруу каралган.Возможно, это изображение текст

Программа боюнча Кыргызстандын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын материалдык-техникалык базасы жана ыкчам мүмкүнчүлүктөрү күчөтүлөт. Ошондой эле кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана баңгизат кылмыштуулугунун жаңы түрлөрүнө каршы күрөштү күчөтүүгө басым жасалат.

Тараптар жолугушууда синтетикалык баңгизаттардын жайылышы, мыйзамсыз сооданын жаңы ыкмалары жана кылмышкерлердин заманбап маалыматтык технологияларды колдонушу сыяктуу актуалдуу маселелерди да талкуулашты.

Кыргызстандын ИИМинин маалыматына караганда, жаңы макулдашуу эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын практикалык кызматташтыгын бекемдеп, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы биргелешкен ишти улантууга өбөлгө түзөт.

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X