Кыргызстан менен Россия эмгек миграциясы жана адистерди даярдоо багытында кызматташууну күчөтөт

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 154

15-июлда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги Россия Федерациясынан келген делегациянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мыйзамдуу эмгек миграциясын өнүктүрүү, адистерди кесиптик даярдоо жана кайра даярдоо, ошондой эле мигранттардын социалдык жана маданий адаптациясын камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Возможно, это изображение учеба и текст

Тараптар эмгек ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, жарандардын чет өлкөдө мыйзамдуу иштөөсүнө шарт түзүү жана кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатуу багытында өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуу Кыргызстан менен Россиянын эмгек миграциясы жаатындагы стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө багытталган кадамдардын бири болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X