Кыргызстан менен Россия медицина тармагындагы кызматташууну кеңейтет
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россиянын «ВТБ Медицина» АКсы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документке министр Дамир Осмонов менен компаниянын башкы директору Сергей Нечаев 15-июлда өткөн жолугушууда кол коюшту.
Меморандум медициналык жардам көрсөтүү, адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, телемедицина, саламаттык сактоону санариптештирүү, заманбап технологияларды киргизүү жана медициналык туризм багыттарындагы кызматташууну камтыйт.
Жолугушууда министр Дамир Осмонов кыргызстандыктарды жогорку технологиялык медициналык жардам алуу үчүн Россиянын медициналык мекемелерине жөнөтүү механизмин иштеп чыгууну сунуштады. Ошондой эле дарыгер-ординаторлорду даярдоо жана кыргызстандык адистер үчүн билим берүү программаларын кеңейтүү маселеси көтөрүлдү.
Россиялык тарап бул демилгелерди колдоого даяр экенин билдирип, адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү, телемедицинаны өнүктүрүү жана кесиптик кызматташууну кеңейтүү боюнча биргелешкен иштер улантыларын белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар меморандумдун алкагында конкреттүү долбоорлорду ишке ашырып, саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты.