Кыргызстан менен Россия сарымсак өстүрүү тармагында кызматташат

29-июль, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 114

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде сарымсак өстүрүү тармагын өнүктүрүүгө арналган жолугушуу өтүп, анын жыйынтыгында Кыргызстан менен Россиянын тармактык уюмдары үч тараптуу кызматташтык келишимине кол коюшту.

Тараптар заманбап агротехнологияларды киргизүү, сапаттуу үрөн колдонуу, кайра иштетүү, сактоо, логистика жана экспортту өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Келишим фермерлерди окутууну, тажрыйба алмашууну, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана сарымсак өндүрүшүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X