Кыргызстан менен Сауд Арабиясы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө
25-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Ияд бин Гази бин Сулейман Хаким менен жолугушту. Анда кыргыз-сауд алакаларын өнүктүрүү, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Жолугушууда Төрага Марлен Маматалиев элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, Сауд Арабия Падышалыгы да Кыргызстандын Жакынкы Чыгыштагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Ошондой эле ал эки өлкөнүн парламенттери ортосундагы байланышты бекемдеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын айтты.
Мындан тышкары, Марлен Маматалиев өткөн жумада Сауд Арабиясынын Мажлис Аш-Шурасынын Төрагасы Абдуллах аш-Шейх тарабынан расмий сапар менен келүүгө чакыруу алганын маалымдап, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү негизги багыттардын бири экенин кошумчалады.
Өз кезегинде элчи Ияд бин Гази бин Сулейман Хаким Сауд Арабиясы Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгилеп, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында аткарыла турган иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал өлкөсүндө акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өнүгүү стратегиясы тууралуу да токтолду.
Жолугушуунун соңунда тараптар экономикалык жана гуманитардык кызматташтык, ошондой эле дүйнөдөгү соңку кырдаалдар боюнча пикир алышты.