Кыргызстан менен Сербиянын ортосунда визасыз режим киргизилди

12-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 28

Кыргызстандын жарандары эми Сербияга визасыз бара алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим тууралуу башка өлкөлөр менен келишимдерге кол коюу тышкы саясий иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктарга визасыз барууга мүмкүнчүлүк берүү боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Имангазиев белгилегендей, виза режимин жеңилдетүү дипломатиялык аракеттер менен гана эмес, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү, коопсуздук маселелери жана башка эл аралык талаптар менен да байланыштуу.

12-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X