Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автоунаа ташуулар боюнча келишим түздү

13-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 140

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.

Документке Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев менен Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерлинин жолугушуусунда кол коюлган.

Министрликтин маалыматына караганда, келишим эки өлкөнүн ортосунда эл аралык жана транзиттик автомобиль ташууларды жүргүзүүгө укуктук негиз түзөт.

Жаңы келишим транспорттук байланыштарды кеңейтүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты, бизнести жана туризмди өнүктүрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле жарандардын эки өлкө ортосундагы жүрүүсүн жеңилдетүүгө багытталган.

Министрликте белгиленгендей, келишимдин алкагында автомобиль транспортун өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Швейцариянын транспорт тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү күтүлүүдө.

13-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 140
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X