Кыргызстан менен Татарстан кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты

15-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103

 14-майы — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Татарстан Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында «Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026»  форумунун аянтчасында Рустам Минниханов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-татарстандык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, эки тараптуу алакалардын туруктуу өнүгүп жатканын белгилешти. Данияр Амангельдиев Кыргызстан аймактар аралык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурарын айтып, Татарстанды маанилүү экономикалык өнөктөштөрдүн бири катары бааларын билдирди.

Ошондой эле алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ушул жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Ысык-Көл эл аралык форуму тууралуу сөз кылышты. Кыргыз тарап Татарстан делегациясын жана спортчуларын аталган иш-чараларга катышууга чакырды. Данияр Амангельдиев татарстандык спортчулардын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусу эки элдин маданий жана тарыхый жакындыгын дагы бир жолу айгинелей турганын белгиледи.

Жолугушууда туристтик тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери да кеңири талкууланды. Өзгөчө тоо лыжа туризмин өнүктүрүү багытына көңүл бурулуп, Кыргызстан менен Татарстандын бул жааттагы тажрыйба алмашуусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экени айтылды.

Өз кезегинде Рустам Минниханов форумга катышканы үчүн кыргыз делегациясына ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев дарегине жылуу каалоолорун жолдоду.

«Биз үчүн Кыргызстан — боордош республика. Бизди жалпы тарых, ишеним жана каада-салттар бириктирет. Соода-экономикалык кызматташтыкта чоң мүмкүнчүлүктөр бар жана аларды ишке ашыруу үчүн активдүү иштөөгө даярбыз», — деди Рустам Минниханов.

Мындан тышкары, тараптар экологиялык кызматташтык маселелерине да токтолушту. Татарстан Республикасынын Раиси эки эл үчүн маанилүү символ болгон илбирс жаныбарын сактоо багытындагы биргелешкен аракеттердин маанисин белгилеп, Кыргызстандын биоартүрдүүлүктү жана тоолуу экосистемаларды коргоо боюнча демилгелерин колдоорун билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана туристтик тармактардагы кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X