Кыргызстан менен Тажикстан чыгармачылык кызматташтыкты кеңейтет

20-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 146

Ынтымак Ордодо Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов менен Тажикстандын маданият министри Матлубахон Амонзода жолугушуу өткөрдү. Анда эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Маданият, билим берүү жана туризм тармактарындагы байланыштарды мындан ары чыңдоонун маанисин белгилешти. Жолугушууда 2025-жылы Дүйшөмбү шаарында өткөн Кыргызстандын Маданият күндөрү жана учурда Кыргызстанда өтүп жаткан Тажикстандын Маданият күндөрү чыгармачылык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүк түзөрү айтылды.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алдыдагы ири эл аралык иш-чаралар — Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын юбилейлик саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча кызматташуу маселелери каралды.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын Маданият күндөрү Кыргызстанда 17-майдан 22-майга чейин өтүүдө.

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X