Кыргызстан менен Түркия 116,3 млн долларлык инвестициялык долбоорду талкуулады

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 124

Кыргызстандын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түркиянын «TANFER» компаниясынын өкүлдөрү жана Түркия Республикасынын Бокс федерациясынын вице-президенти, директорлор кеңешинин төрагасы Мехмет Танфер менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Равшанбек Сабиров Кыргызстан чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган иштерди жүргүзүп жатканын белгилеп, мамлекеттик органдар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

«Биз экономикага реалдуу салым кошкон, заманбап технологияларды киргизген жана жаңы жумуш орундарын түзгөн долбоорлорду колдоого өзгөчө маани беребиз», — деди ал.

Жолугушууда түрк тарап Кыргызстанда Улуттук биокоопсуздук программасын ишке ашыруу боюнча инвестициялык сунушун тааныштырды.

Долбоордун жалпы наркы 116,3 млн АКШ долларын түзөт. Анын алкагында 1 600гө чейин жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда. Долбоорду ишке ашырууга керектүү инфраструктураны куруу, жабдуу жана эксплуатациялоо чыгымдары инвестордун өз каражаттарынын эсебинен каржыланары айтылды.

Тараптар долбоордун техникалык жана уюштуруучулук аспектилерин талкуулап, аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда кароо боюнча макулдашты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X