Кыргызстан менен Түркия коопсуздук тармагындагы кызматташууну кеңейтүүдө
Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Түркиядагы өкүлү Манас Аманбаев Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы Али Фидан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Казакбаев Али Фиданды Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап, ага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын коопсуздукту камсыздоо, эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Жолугушууда кадрларды даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин Түркия Республикасында окутууну улантууга, ошондой эле киберкылмыштуулукка, экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана коомдук тартипти камсыз кылуу багыттары боюнча биргелешкен билим берүү программаларын кеңейтүүгө даярдык ырасталды.