Кыргызстан менен Түркия медицинада кызматташат
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медициналык дүйнөсүнүн XII конгрессине катышууда.
29–31-октябрда өтүп жаткан иш-чарада министр медициналык илимди өнүктүрүүдө эл аралык кызматташтыктын маанисин белгилеп, конгрессти уюштурган Түркиянын Өкмөтүнө, Саламаттык сактоо министрлигине жана TÜSEB институттарына ыраазычылык билдирди.
Дамир Осмонов Кыргызстан медициналык билим берүү, адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттарында кызматташууга кызыкдар экенин айтты.
Ошондой эле санариптик саламаттык сактоо, телемедицина, заманбап диагностикалоо жана дарылоо ыкмаларын киргизүү жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүнө токтолду.