Кыргызстан менен Түштүк Корея инвестициялык кызматташтыкты кеңейтет

14-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 198

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директор Хон Дуён, Алматы филиалынын директору Ким Джунг-хун жана аймактык директордун орун басары Йе Гван Хо катышты.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле кореялык компаниялар жана инвесторлор менен өз ара байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Улуттук агенттиктин өкүлдөрү өлкөнүн инвестициялык потенциалы, бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар жана инвесторлорду мамлекеттик колдоо механизмдери тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору жана инвестиция тартуунун артыкчылыктуу багыттары тааныштырылды.

Өз кезегинде Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн Түштүк Кореянын бизнес коомчулугу арасында жайылтууга жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин белгилешти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X