Кыргызстан менен Япония аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Японияга расмий сапарынын алкагында Киото префектурасынын губернатору Такатоси Нисиваки менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн аймактар аралык кызматташтыгын өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Маматалиев Япония Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, эки өлкөнүн достук мамилелерин аймактар аралык байланыштар аркылуу да бекемдөө зарылдыгын айтты.

Ошондой эле ал 2027-жылы Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 35 жыл толорун белгилеп, бул дата кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө болушу керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Киото префектурасынын губернатору Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө жана ар түрдүү тармактарда тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Сапардын алкагында кыргыз делегациясы Киотодогу мамлекеттик резиденцияга жана белгилүү тарыхый-маданий жайлардын бири болгон Киёмидзу-дэра храм комплексине барды.

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X