"Эркин-Тоо"

Кыргызстан менен Япония экология жана климат жаатында кызматташат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки менен жолугушту.

Министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 4-сентябрда Япония элчилигинин демилгеси менен өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экология жана климат жаатында мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана спектрин кеңейтүү маселеси каралды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!