Кыргызстан менен ЮНИСЕФ кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытында иштешет
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Ана Даутович менен жолукту.
Жолугушууда өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу, калктын даярдыгын жогорулатуу, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алдын алуу иштерин күчөтүү багытындагы кызматташтык талкууланды.
Тараптар эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү, калктын өзгөчө кырдаалдар боюнча маалымдуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо маселелерине көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында ӨКМ менен ЮНИСЕФтин ортосунда биргелешкен иш-чараларды камтыган кызматташтык планына кол коюлду.