“Кыргызстан — олуттуу маселелерди сунуштай турган мамлекеттердин катарына кирет”

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 101

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 22-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышкан БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышып, глобалдык маселелер боюнча маанилүү билдирүүлөрдү жасады.

БУУ күчтүү болуш керек

Президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзү бир эле Кыргызстан үчүн эмес, азыркы дүйнөнүн татаал абалын түшүнүү үчүн да маанилүү саясий билдирүү болду окшойт. Согуштар күчөп, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук маселеси курчуп, климаттык өзгөрүүлөр мамлекеттердин келечегине түздөн-түз таасир берип турган учурда, өлкө башчыбыз дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бир нече принципиалдуу маселелерге бурду. Президенттин сөзүнөн бүгүнкү дүйнөнүн реалдуу көрүнүшү ачык көрүнөт. Адамзат XXI кылымдын үчүнчү он жылдыгына тынчтык жана туруктуулукту камсыз кылбай, эмнегедир согуштардын, геосаясий тирешүүлөрдүн, гуманитардык кризистердин жана экономикалык туруксуздуктун шартында кирди. Мындай шартта, Президенттин “БУУ күчтүү болуш керек” деген позициясы, эл аралык мамилелердеги негизги көйгөйгө коюлган диагноз катары айтылгандай болду. Бул жерде маанилүү нерсе, Президент согуштарды, болуп жаткан каатчылыктарды атап гана койбостон, алардын баарын “тынчтык”, “коопсуздук” жана “туруктуу өнүгүү” деген үч түшүнүк менен байланыштырды.

Бир мамлекетте согуш башталса, анын толкуну башка өлкөлөргө да жетет. Энергия булактарынын баасы өзгөрөт, транспорттук каттамдар бузулат, азык-түлүк жеткирүү чынжырлары үзүлөт, инфляция күчөйт. Дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы мындай басымдар, айрыкча согуш жүрүп жаткан жана импортко көз каранды өлкөлөрдө катуу сезилет. Демек, бүгүн дүйнөнүн бир бурчундагы согуштун таасири Бишкектеги Ош, Аламүдүн базарларындагы баага чейин жетиши мүмкүн. Ушул жагдайдан улам, алдыда айтылгандай Президенттин “БУУ күчтүү болуш керек” деген сөзү өзгөчө мааниге ээ болду окшойт. Ушул жерде Президенттин логикасына келе турган болсок, эгер дүйнөлүк уюмдун чечимдери кабыл алынып, бирок аткарылбай калса, анда бара-бара эл аралык укуктун өзүнүн кадыр-баркы төмөндөй берет. Ал ушул багытта сөздү кагазга ороп отурбастан, аны түз айтты:

“Уюмдун чечимдеринин системалык негизде аткарылбай жаткандыгы көп тараптуулук идеясынын мыйзамдуулугун бузуп, эл аралык укук милдеттүү эмес катары кабыл алынып, тоготпостукка алып келүүдө”-деди.

Бул олуттуу жана маанилүү белгилөө болду. Анткени, БУУнун кадыр-баркы анын бой тиреген имараты же жыл сайын өтүүчү жыйындары менен баалынып баркталбайт, БУУнун баркы, кабыл алынган чечимдердин канчалык деңгээлде ишке ашып жатканы менен өлчөнөт. Ошондуктан, Кыргызстан сунуштап жаткан туруктуу коомдук реестр, мамлекеттердин отчеттуулугу, мониторинг жана жоопкерчилик механизмдери жөнүндөгү идеяларды ушул контекстте карообуз керек.

Согуштун “көлөкөсү” дасторконго чейин жетти

Президенттин санкциялар тууралуу айткан бөлүгү сөздүн эң талаштуу, бирок ошол эле учурда эң практикалык бөлүктөрүнүн бири болду. Себеби, санкциялар деген дипломатиялык терминдин артында жөнөкөй адамдын күнүмдүк жашоосу тураары турган иш. Айталы, күйүүчү майдын баасы, транспорттун чыгымы, азык-түлүктүн наркы, импорттун кымбатташы, мына ушунун баары дүйнөнүн жарымынын жүрөгүнө көк таштай тийип турат. Анын ичинде биз дагы барбыз.

Дүйнөлүк рыноктордогу чыңалуулар, ар кыл жолдор аркылуу азык-түлүккө таасир берип жатат. Мисалы, БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму 2026-жылдын сентябрындагы маалыматында Судандагы дан азыктарынын баасы согуштун айынан өндүрүштүн төмөндөшү, жеткирүү жолдорунун үзгүлтүккө учурашы жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам күйүүчү майдын кымбатташы жогору бойдон калганын билдирген.

Мына ошонун баары Кыргызстан сыяктуу импортко жана тышкы экономикалык байланыштарга көз каранды өлкөлөр үчүн маанилүү болуп калууда.

Демек, Президенттин дүйнөлүк санкциялык саясатка жана экономикалык басымдарга токтолушун Кыргызстан үчүн түздөн-түз экономикалык коопсуздук маселесин алдын-алууга болгон камылгасы катары кароого болот.

Мамлекет башчысы санкциялар айрым мамлекеттер тарабынан эгемендүү өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүнүн саясий жана экономикалык куралына айланып кетпеши керектигин белгиледи. Президенттин сунушунун өзөгүнө келе турган болсок, кайсы бир мамлекетке санкция киргизүү укугун БУУнун алкагында борборлоштурууну демилгелөөдө. Анын пикиринде, санкцияларды киргизүү чечимдери БУУнун Уставына жана Коопсуздук Кеңешинин ыйгарым укуктарына ылайык кабыл алынышы зарыл. Бул сунуш санкцияларды колдонуудагы бир тараптуу мамилелерди азайтып, эл аралык укуктун жалпы принциптерине таянган системаны түзүүгө багытталган. Анын мааниси, БУУнун колдоосу алдында санкцияларга мониторинг жүргүзүү жана аларды үзгүлтүксүз кайра карап туруу боюнча бирдиктүү эл аралык механизм түзүү. Бул санкциялар киргизилгенден кийин, алардын натыйжалуулугу карапайым калкка жана экономикалык өнүгүүгө тийгизген таасирин да системалуу баалоого шарт түзмөк. Президенттин БУУдагы бул демилгеси, Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттер үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени, бир тараптуу санкциялардын кыйыр экономикалык таасири түздөн-түз санкция салынбаган өлкөлөргө да тийиши мүмкүн экенин Жапаров өз сөзүндө белгиледи. Бир сөз менен айтканда, Садыр

Жапаровдун сунушу санкциялардын өзүн жокко чыгарууга эмес, аларды колдонуу тартибин эл аралык укуктун негизинде реформалоого багытталган. Президент белгилегендей, БУУнун чечимдери реалдуу эл аралык милдеттенмелер катары кабыл алынып, алардын аткарылышы камсыз кылынганда гана Уюмдун эл аралык системадагы ролу жана авторитети жогорулайт. Болбосо, көрбөдүкпү, далай мамлекеттер БУУнун алкагындагы чечиле турган иштерде, өз алдынча баш ийбей эмнелерди гана жасабаганын…

Кыргызстан өзүн кандай өлкө катары көрсөтүп жатат?

Баамыбызда, Президент Садыр Жапаровдун БУУда сүйлөгөн сөздөрүндө Кыргызстанды дүйнөлүк көйгөйлөрдүн “курмандыгы” катары көрсөтүү максатында айтып жаткандай эмес, тескерчисинче өзүнүн чечимдерин сунуштай алган мамлекет катары таанытуу аракети байкалат. Президент акыркы жылдары Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы татаал маселелерди, өзгөчө чек ара маселелерин сүйлөшүү жолу менен чечүү тажрыйбасын өзгөчө белгиледи.  Бул жерде Кыргызстан үчүн маанилүү жагдай, мурда Борбор Азия көбүнчө суу, чек ара, энергетика жана транспорт маселелериндеги карама-каршылыктар аркылуу сүрөттөлсө, азыр регионду экономикалык байланыштын жана өз ара кызматташтыктын мейкиндиги катары көрсөтүү тенденциясы күчөдү.

Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрүн бул контекстте караганда, маанилүү жолдорду басып келе жаткандыгын, уялбай ачык көрсөтөсүң.

Эл аралык Валюта Фондунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2021-2025-жылдары реалдуу ИДП 47%га өскөн. Ал эми 2025-жылдагы өсүш 11,1%ды түзгөн. Ошондуктан, Президенттин БУУдагы билдирген сөздөрүн Кыргызстандын ички өнүгүүсүнөн бөлүп кароо туура эмес. Эл аралык трибунада айткан анын “биз да сунуш айтып, көз карашыбызды түз жеткире алабыз” деген позициясы, деми, күчү өлкө ичинде жүрүп жаткан ири экономикалык өзгөрүүлөр менен коштолуп жатканы менен байланыштырууга да болот. Канчалык алдыга жылуулар, туруктуу өнүгүүлөрдүн көрсөткүчтөрү болгон жерде, кайсыл бир деңгээлде ой калчап, сунуш айта алат эмессиңби. Бул жагынан алганда, Кыргызстандын 142 мамлекеттин колдоосу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешине 2027–2028-жылдарга шайланышы да өзгөчө мааниге ээ.

Ысык-Көл — дүйнөнүн климаттык күзгүсү

Президенттин сөзүндөгү эң эмоционалдуу жана ошол эле учурда эң улуттук темалардын бири, берметибиз болгон Ысык-Көл анан табигый жаратылышыбыз болду. Бул жерде Президент маселени “көлдү, жаратылышты сактайлы” деген деңгээл менен калтырбай, аны глобалдык климаттык коопсуздуктун контекстине чыгарууга аракет кылды.

Кыргызстан тоолуу өлкө. БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына таяна турган болсок, өлкөдөгү суунун 90%дан ашыгы мөңгүлөр менен байланышкан булактардан келип, акыркы он жылда мөңгүлөрдүн 30%дан ашыгы жоголгон. Бул айыл чарбасына, энергетикага, жашоо-тиричиликке жана экосистемаларга түздөн-түз коркунуч жаратат.  Демек, Президенттин мөңгү, суу, Ысык-Көл жана тоолор тууралуу сөздөрү Кыргызстандын ички экологиялык маселесин дүйнөлүк күн тартибине чыгаруунун бирден-бир жолу болуп жатат. Бул жерде “аманат” деген түшүнүктүн колдонулушу да символикалык жактан маанилүү.

Ал деген ар бир калган баалуу нерселерибиз, кийинки муунга татыктуу өткөрүлүп берилиши керек дегенди билдирет. Мына ошол түшүнүктөн алып карай турган болсок, Ысык-Көл туризм үчүн же жаратылышы кооз аймак катарындагы түшүнүк менен эле чектелбейт. Анда суу коопсуздугу, айыл чарбабыз, туризм, аймактык климат жана миллиондогон жарандарыбыздын келечеги жатат. Ошондуктан, Президенттин Ысык-Көлдү сактоо, жаратылышыбызга аяр мамиле кылуу боюнча эл аралык трасттык фонд түзүү жана ага Кыргызстандын бюджетинен 10 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин билдирүүсү, айтылган ачуу-чындык сөздү ишке ашырууга чын  дилден болгон аракети, далалаты.

Президенттин бул максатта ар бир көйгөй жаратчу ишти алдын-ала билип, максатты бийик коюп, келээрки жылы Бишкекте өткөрүлө турган “Бишкек+25” тоо саммитин өткөрүүнү пландап жатканы да бекер жерден эместигин мына ушул жерден билдик. Мунун маанисин түшүнгөнгө абдан жогору. Анткени, бүгүн климаттык өзгөрүүнүн кесепетин биринчи сезген өлкөлөрдүн бири Кыргызстан болсо, эртең анын кесепети Борбор Азиянын башка мамлекеттерине, андан ары азык-түлүк жана суу коопсуздугу аркылуу кеңири аймактарга тарап, ал ыргытылган айланма таш сыяктуу өзүбүздүн эле башка келип тиет. Президент  мына ошолорду БУУнун улуу трибунасында дүйнөгө чакырык кылып таштап, бир эле биздин көйгөйдү эмес, Борбор Азия элдеринин  эртеңкисине кам көрүп жатат.

Күнболот Момоконов

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 101
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X