Кыргызстан — өзгөргөн доордун жаңы жүзү

4-август, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 153

Акыркы жылдары Кыргызстан ички өнүгүүдө да, эл аралык аренада да олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү, мамлекеттик каржынын бекемделиши, инвестициялык активдүүлүктүн жогорулашы жана коңшу мамлекеттер менен мамиленин жаңы деңгээлге чыгышы өлкөнүн жаңы багытын аныктап жатат.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында Кыргызстан саясий туруксуздуктарды, экономикалык кыйынчылыктарды жана аймактык маселелерди башынан өткөрдү. Ачык айтышыбыз керек, өлкө башкаруусунда ал кадам аздыр-көптүр аракеттердин аркасында алдыга жылып жаткандай түр көрсөткөн жумуштар менен алышып жаткандай көрүндү. Ошол себептен, эл нааразычылыгы жаралып, өлкөдө эки төңкөрүш болбогон чыгаар. Бирок, акыркы мезгилде мамлекеттин өнүгүү стратегиясында негизги басым туруктуулукка, экономикалык өсүшкө жана тышкы саясатты чыңдоого бурула баштады.

Бүгүн Кыргызстан Борбор Азиядагы өзүнүн ордун бекемдөөгө аракет кылып жаткан, эл аралык өнөктөштөр менен активдүү иш алып барган жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү издеп жаткан мамлекет катары көрүнүүдө.

Мамлекеттин эл аралык аброю биринчи кезекте анын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен байланыштуу болоору чындык. Акыркы жылдардагы көрсөткүчтөр Кыргызстанда экономикалык активдүүлүк жогорулап жатканын даана көрсөтөт. Айталы, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 960 миллиард сомго жетип, реалдуу өсүш 11,9 пайызды түзгөнү маалым. Бул көрсөткүч экономиканын негизги тармактарында оң динамика сакталып жатканын билдирет. Айрыкча курулуш, өнөр жай, айыл чарба жана тейлөө тармактарында өсүш байкалган. Негизги капиталга тартылган инвестициялардын көлөмү 204,4 миллиард сомду түзүп, өсүү темпи 64,3 пайызга жеткен. Мындай көрсөткүчтөр өлкөгө ички жана тышкы инвесторлордун кызыгуусу күчөп жатканын билдирет.

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү да бир топ өстү. 2026-жылдын биринчи жарымында бюджеттин кирешеси 454,3 миллиард сомду түзүп, белгиленген план 105,3 пайызга аткарылганы баарыбыз үчүн кубанычтуу болду. Ошол эле учурда салык жана бажы кызматтарынын кирешелерди көбөйтүүсү мамлекеттик финансылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө.

Экономиканын маанилүү бөлүктөрүнүн бири болгон тоо-кен тармагы да бюджетке чоң салым кошууда. Маселен, өз күчүбүз менен иштетип жаткан “Кумтөр Голд Компани” 2026-жылдын январь–июль айларында эле мамлекетке 19 миллиард сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон. Бул көрсөткүчтөр өлкөдө мамлекеттик каржыны башкаруу системасы күчөп, экономикалык мүмкүнчүлүктөр кеңейип жатканын айгинелейт.

Коңшулар менен жаңы мамиле

Кыргызстандагы эң маанилүү өзгөрүүлөрүнүн бири коңшу мамлекеттер менен болгон мамиленин жаңы деңгээлге чыгышы. Мурда Борбор Азияда чек ара маселелери, суу ресурстары жана саясий пикир келишпестиктер көп учурда чыңалууга себеп болуп келген. Бирок, бүгүнкү күндө мамлекеттер ортосундагы мамиле жаңы багытка өтүп, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык биринчи орунга чыкты.

Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу өттү. Кыргызстанга Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапар менен келиши жана алардын эки тараптуу маанилүү документтерге кол коюшу биздин өлкөнүн региондогу ролу күчөп жатканын көрсөттү.

Кыргызстан менен Азербайжандын кызматташтыгы биргелешип чечүүчү деңгээлге көтөрүлдү. Эки өлкө транспорт, энергетика, инвестиция, туризм, санариптештирүү жана коопсуздук багыттарында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө багыт алды.

Ал эми Кыргызстан менен Өзбекстан тарыхый өзгөрүүлөрдү жасап, чек ара маселелерин чечип, жаңы экономикалык кызматташтык этабына өттү. Бүгүнкү күндө тараптар товар жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүүнү, транспорттук байланыштарды кеңейтүүнү, өнөр жай жана энергетика долбоорлорун ишке ашырууну, чек ара өткөрүү пункттарынын санын 15тен 30га чейин көбөйтүүнү көздөп жатышат. Бир кезде чек ара өткөрмө пункттарын көбөйтмөк тургай, ал кездеги бар пункттарыбыз жабылып, эки элдин карым-катнашы үзүлгөн учурлар көп болгон. Ал турсун айдап кирген малын ала албай, атылган октордун үнү, азыркы айтылып жаткан Азан үнү сыяктуу кулактарына сиңип калганы да жашыруун эмес.

Азыркы мамиле болсо бир туугандыкты туу туткан, достукту даңазалаган, байланышты чыңдаган деңгээлге өсүп олтурат. Мындай кадамдар эки өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатат. Коңшу мамлекеттер менен болгон мамиленин жакшырышы Кыргызстан үчүн коопсуздуктан мурда экономикалык өнүгүүнүн да маанилүү шарты экени талашсыз.

Дипломатиядан экономикалык өнөктөштүккө чейин

Ысык-Көлгө келген өлкө башчыларынын жарымы Кыргызстанды Борбор Азиядагы акыркы жылдары экономикасы тездик менен өнүккөн мамлекеттердин алдыңкы сабына чыкканын белгилешти. Чынын айтканда Кыргызстандын тышкы саясатында активдүүлүк күчөдү. Өлкө дүйнөлүк жана региондук уюмдардын алкагында өзүнүн позициясын бекемдөөгө аракет кылууда. ШКУ саммитинин  Кыргызстанда өтүшү чоң саясий жана экономикалык мүмкүнчүлүк болуп саналат. ШКУ бүгүн Евразиядагы эң таасирдүү уюмдардын бири. Анын курамында Кытай, Россия, Индия, Иран, Пакистан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Беларусь сыяктуу мамлекеттер бар. Бул саммит Кыргызстанга эл аралык аброюн жогорулатууга, жаңы инвестицияларды тартууга, ири инфраструктуралык долбоорлорду сунуштоого, транспорттук жана экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон долбоорлордун бири – “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу. Бул долбоор ишке ашса, өлкө Евразиядагы маанилүү транспорттук коридорлордун бирине айланышы мүмкүн. Ошондой эле “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу энергетикалык коопсуздукту бекемдеп, өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бүгүнкү дүйнөдө мамлекеттин күчү анын аскердик же саясий мүмкүнчүлүгү менен эмес, экономикалык байланыштарды түзө билүүсү жана эл аралык ишенимге ээ болушу менен да өлчөнөт. Бул багытта Кыргызстан акыркы жылдары жаңы кадамдарды жасап жатат. Албетте, алдыда дагы чоң милдеттер турат. Экономикалык өсүштү узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүгө айландыруу, жаңы өндүрүштөрдү ачуу, инвестициялык шарттарды жакшыртуу жана мамлекеттик башкаруунун сапатын көтөрүү зарыл. Ошол эле учурда бүгүнкү өзгөрүүлөр бир нерсени көрсөтүүдө. Кыргызстан акырындык менен региондогу активдүү экономикалык жана саясий оюнчулардын бирине айланып баратат. Экономикалык өсүш, коңшулар менен бекем мамиле жана салмактуу тышкы саясат өлкөнүн жаңы өнүгүү этабынын негизги багыттары болуп калууда.

Сөздү кесе айтканда, Чолпон-Ата декларациясы жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түзүлгөн жаңы келишимдер Борбордук Азияда кызматташтык доору күчөп жатканын көрсөтөт. Эми негизги милдет – жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырып, аларды элдин жашоосуна таасир бере турган конкреттүү долбоорлорго айландыруу гана калат.

 

Күнболот Момоконов

 

 

4-август, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 153
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X