Кыргызстан шарпка каршы 1 млн доза вакцина алат
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жетектеген делегация Россиянын Владимир шаарындагы Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл россиялык илимий-изилдөө институтуна барды.
Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы институттун ишмердүүлүгү, илимий-өндүрүштүк базасы жана вакциналарды, ветеринардык препараттарды иштеп чыгуудагы заманбап технологиялары менен таанышты. Өзгөчө жаныбарлардын коркунучтуу ылаңдарын изилдөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча лабораториялардын ишине көңүл бурулду.
Жолугушууда тараптар аймактагы эпизоотиялык абалды, анын ичинде шарп ылаңын алдын алуу жана турукташтыруу чараларын талкуулашты. Натыйжада Кыргызстанга шарпка каршы 1 млн доза вакцина жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Вакциналар жакынкы арада өлкөгө алып келинери күтүлүүдө.
Мындан тышкары, 2026-жылдын жай айларынын аягына чейин айыл чарба жаныбарларын массалык эмдөө үчүн кошумча 3,5 млн доза вакцина алуу пландалууда.
Эрлист Акунбеков институттун жогорку илимий потенциалын белгилеп, биологиялык коопсуздукту камсыздоодо жана эпизоотиялык коркунучтарга каршы күрөшүүдө кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар балык илдеттерин изилдөө боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү, ошондой эле кыргызстандык адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча макулдашышты. Бул багыт Кыргызстан үчүн аквакультура экспортун өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ экени белгиленди.