Кыргызстан ШКУ алкагында маалыматтык кызматташууну өнүктүрүүгө багыт алды
Бишкек шаары бул күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ЖМК жана аналитикалык борборлорунун эл аралык форумун кабыл алып, уюмдун маалыматтык жана интеллектуалдык кызматташтыгынын келечегин талкуулаган маанилүү борборго айланды. Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулган бул форум журналистика, аналитика жана маалыматтык дипломатия тармагындагы жаңы чакырыктарга жооп издеген олуттуу аянтча катары өзгөчө мааниге ээ болду.
Форумга ШКУга мүчө мамлекеттерден, байкоочу жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдөн келген 26 мамлекеттин 250гө жакын өкүлү катышып, маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, аналитикалык борборлордун өз ара байланышын чыңдоо, жасалма интеллекттин медиа тармагындагы орду, маалыматтык коопсуздук жана жалган маалыматтарга каршы күрөшүү өңдүү маселелерди кеңири талкуулашты.
Азыркы маалда маалымат кабар жеткирүүнүн каражаты эле болбостон, ал мамлекеттердин улуттук коопсуздугуна, коомдук пикирдин калыптанышына, эл аралык мамилелердин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир эткен стратегиялык ресурс болуп калды. Дал ушул жагдай форумдун күн тартибин аныктап, катышуучулардын баяндамаларында негизги тема катары көтөрүлдү.
Кыргызстан маалыматтык кызматташууну өнүктүрөт
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков форумдун ачылышында сөз сүйлөп, маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, маалымат коопсуздугун бекемдөө жана өлкөлөр ортосундагы ишенимди арттырууда ЖМК менен эксперттик борборлордун ролу чоң экенин белгиледи.
“Бул форум жаңы ойлордун булагы, чыгармачыл демилгелердин аянтчасы жана биздин биргелешкен келечегибиздин Жол картасы болоруна терең ишенем. Бүгүн бул залда ШКУ мейкиндигинин медиа тармагынын алдыңкы адистери, кадыр-барктуу журналисттери жана дүйнөлүк деңгээлдеги эксперт-аналитиктери чогулушту” — деди ал.
Дайырбек Орунбеков медиафорум жаңы идеялардын, тажрыйба алмашуунун жана ШКУ өлкөлөрүнүн кызматташтыгын күчөтүүчү маанилүү аянтча болоруна ишенимин билдирди. “Сиздердин калыс калемиңиздер, терең аналитикаңыздар жана таасирдүү сөзүңүздөр – өлкөлөрүбүз биргелешип ишке ашырып жаткан ири инфраструктуралык, транспорттук жана инвестициялык долбоорлордун маңызын жана маанисин элге жеткирүүдөгү негизги көпүрө болуп саналат”- деди.
Ал ошондой эле Кыргызстан ар дайым ачыктыкты жана конструктивдүү диалог принциптерин бекем карманып, ШКУнун алкагында маалыматтык, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары да тереңдетүүгө умтуларын белгиледи.
Журналистика – ишенимди бекемдөөнүн куралы
Форумдагы негизги баяндамалардын бири Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Си Яньчундун сөзү болду. Ал акыркы чейрек кылым ичинде ШКУ өлкөлөрүнүн жалпы өнүгүүсүндө журналисттер менен аналитикалык борборлор өзгөчө роль ойногонун белгилеп, бүгүнкү күндө алардын негизги миссиясы – мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенимди чыңдоо экенин айтты.
Анын сунуш кылган беш демилгеси форумдун концептуалдык өзөгүнө айланды. Алар өз ара ишенимди бекемдөө, биргелешкен өнүгүүнү колдоо, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана журналисттик иликтөөлөр менен аналитикалык изилдөөлөрдү биргелешип жүргүзүү сыяктуу маанилүү багыттарды камтыйт. Бул сунуштар маалыматтык кызматташтыкты кадимки жаңылык алмашуудан кыйла кеңири түшүнүккө чыгарып, интеллектуалдык өнөктөштүктүн жаңы моделин сунуштады.
ШКУ – жаңы доордун өнөктөштүк модели
Жыйында ШКУ Катчылыгынын улук эксперти Кадырбек Сарбаев уюмдун 25 жылдык өнүгүү жолуна токтолуп, бүгүнкү күндө ШКУ дүйнөдөгү эң ири региондук бирикмелердин бирине айланганын белгиледи.
Анын айтымында, өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана конструктивдүү кызматташтык уюмдун башкы артыкчылыгы болуп саналат. Терроризмге, экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка жана башка заманбап коркунучтарга каршы күрөштө аналитикалык борборлордун илимий изилдөөлөрү жана эксперттик сунуштары өзгөчө мааниге ээ болуп бара жатат. Бул жагынан алганда, форум маалымат коопсуздугун камсыз кылууда журналистика менен аналитиканын өз ара байланышын күчөтүү зарылдыгын дагы бир жолу көрсөттү.
Кызматташтыкты күчөтүү учурдун талабы
Белоруссиянын телеграф агенттигинин башкы директору Андрей Мохор маалыматтык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча өз көз карашын билдирди. Ал 3,5 миллиардга жакын калкты бириктирген ШКУ өлкөлөрүнүн бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин түзүү убакыт талабы экенин белгиледи.
Анын пикиринде, заманбап маалымат платформаларын өнүктүрүү, биргелешкен медиадолбоорлорду ишке ашыруу, жасалма интеллектти колдонуу жана дезинформацияга каршы биргелешкен механизмдерди түзүү келечектеги негизги милдеттердин бири болуп саналат.
Бул сунуштар маалыматтык кызматташтыкты жаңы технологиялар менен айкалыштырып, региондун жалпы маалыматтык экосистемасын калыптандырууга багытталган.
Ишеним маалыматтан башталат
Форумдун өзөгүн түзгөн баяндамалардын бири Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медер Шерметалиевге таандык болду.
Ал дүйнөлүк маалымат мейкиндигинде жалган маалыматтар, маалыматтык манипуляциялар жана киберкоопсуздук сыяктуу жаңы чакырыктар күчөп жаткан шартта, жоопкерчиликтүү журналистиканын ролу мурдагыдан да жогорулап жатканын белгиледи.
“Фактыларга негизделген маалымат, кесипкөй аналитика жана ачык диалог гана коомдордун ортосундагы ишенимди бекемдей алат” – деген пикирин билдирген ал, аналитикалык борборлор менен ЖМКлардын биргелешкен изилдөөлөрүн көбөйтүү, жаш адистерди даярдоо жана тажрыйба алмашууну кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.
ЖИнин мүмкүнчүлүктөрү жана жоопкерчилиги
Форумда жасалма интеллект маселеси өзүнчө чоң тема катары талкууланды.
“Российская газета” басылмасынын башкы директору Павел Негоица ЖИ технологиялары журналистиканын өнүгүшүнө чоң мүмкүнчүлүк ачып жатканын белгиледи. Ошол эле учурда мындай технологиялар жоопкерчилик менен колдонулбаса, жалган маалыматтардын жайылышына жол ачышы мүмкүн экенине көңүл бурду.
Ал ШКУ алкагында бирдиктүү медиа-хаб түзүүнү сунуштап, бул жаңылыктарды, аналитикалык материалдарды жана маалыматтарды ыкчам бөлүшүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
Объективдүү маалымат – өнөктөштүктүн негизи
Тажикстандын “Ховар” агенттигинин директору Субхиддин Шамсиддинзода маалымат каражаттары элдерди жакындаткан эң маанилүү институттардын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, так, калыс жана ишенимдүү журналистика коомдук пикирди туура калыптандырып гана тим болбостон, мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана маалыматтык дипломатияны күчөтүүгө кызмат кылат.
ШКУ дүйнөдөгү ири уюмдардын бирине айланды
Өзбекстан Илимдер академиясынын Жаңы тарых борборунун бөлүм башчысы Мирзохид Рахимов Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) өнүгүүсү тууралуу сөз сүйлөдү. Анын айтымында, ШКУ түзүлгөндөн бери чоң өзгөрүүлөрдү баштан өткөрүп, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң ири жана натыйжалуу аймактык уюмдардын бири болуп калды. Учурда уюмга 10 мүчө мамлекет, ошондой эле 16 өнөктөш жана байкоочу өлкө кирет.
Рахимов ШКУ өлкөлөрүнүн тарыхый жана маданий байланыштары кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп жатканын белгиледи. Ошондой эле Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода-экономикалык байланыштары акыркы жылдары кеңейип, транспорттук жана коммуникациялык долбоорлор аймактар аралык байланышты күчөтүп жатканын айтты.
Бирдиктүү медиа платформаны түзүү
ШКУнун ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунда Qazcontent компаниясынын жетекчиси Адил Сейфуллин уюмга мүчө мамлекеттердин маалыматтык кызматташуусун күчөтүү үчүн бирдиктүү санариптик медиа платформа түзүү сунушун айтты.
Анын айтымында, мындай платформа жаңылыктарды, аналитиканы, сүрөт жана видеолорду алмашууга, ошондой эле жалган маалыматтарга каршы күрөшүүгө жардам берет. Сейфуллин жасалма интеллектти медиада жоопкерчиликтүү колдонуу, фактыларды текшерүү жана журналисттердин тажрыйба алмашуусу маанилүү экенин белгиледи.
Бул форум маалымат алмашуу боюнча жолугушуу менен эле чектелген жок. Ал ШКУ өлкөлөрүнүн журналисттери, эксперттери жана аналитикалык борборлору үчүн жаңы кызматташтык механизмдерин иштеп чыгуунун интеллектуалдык лабораториясына айланды.
Жыйындын жүрүшүндө маалыматтык коопсуздук, жасалма интеллект, медиа интеграция, биргелешкен аналитикалык изилдөөлөр жана жаш журналисттерди даярдоо сыяктуу багыттар боюнча орток көз караштар калыптанды. Бул демилгелер ишке ашкан шартта ШКУ өлкөлөрүнүн маалыматтык кызматташтыгы жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүп, жалпы маалыматтык мейкиндикти түзүүгө бекем негиз болоору белгиленди.
Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында уюштурулган бул форум, өлкөнүн эл аралык маалыматтык диалогду өнүктүрүүдөгү ролун дагы бир жолу тастыктап, Бишкекти Евразия мейкиндигиндеги интеллектуалдык кызматташтыктын маанилүү борборлорунун бири катары көрсөттү.
Күнболот Момоконов