Кыргызстан стоматологияда Кореянын жогорку технологияларын колдонушу мүмкүн
Кыргызстан менен Корея жогорку технологиялык медицина тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кореядан келген адистердин делегациясын кабыл алып, саламаттык сактоо системасын модернизациялоо жана дарылоонун инновациялык стандарттарын киргизүү мамлекет үчүн маанилүү багыт экенин белгиледи.
Жолугушууда негизги көңүл стоматологиялык кызматты өркүндөтүүгө бурулду. Тактап айтканда, ата мекендик клиникаларга 3D-моделдөө системаларын, жогорку тактыктагы имплантологияны жана санариптик чечимдерди киргизүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Ошондой эле медициналык мекемелерди акыркы муундагы жабдуулар менен комплекстүү кайра жабдуу маселеси талкууланды. Кореялык тарап Кыргызстандын медицина тармагындагы сапаттуу өзгөрүүлөргө ачыктыгын белгилеп, активдүү өнөктөштүккө жана техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Толук маалымат “Эркин-Тоо” гезитинин №34 (3794), 2026-жылдын 12-майындагы санында.