Кыргызстан суу-мотор спорту боюнча эл аралык союзга толук мүчө болду

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 97

Кыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы Суу-мотор спорту боюнча эл аралык союздун (UIM) толук укуктуу мүчөсү статусуна ээ болду.

UIMдин президенти Рафаэль Кьюлли узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, спортту биргелешкен аракеттердин негизинде өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады.

Full Membership — толук мүчөлүк статусунун берилиши Кыргызстан үчүн эл аралык кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө жана улуттук спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жол ачат.

Кыргызстан эл аралык аренадагы позициясын ишенимдүү бекемдеп, Борбор Азияда суу-мотор спортун өнүктүрүүдө алдыңкы орунга чыгууда.

UIM жана Кыргызстандын Федерациясы туруктуу өнүгүүгө, эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана жаңы, дымактуу долбоорлорду ишке ашырууга багыт алып, келечекке ишенимдүү кадам таштоодо.

Бул Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы аймакта суу-мотор спортун өнүктүрүү үчүн да маанилүү кадам болуп саналат.

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X