Кыргызстан Түштүк Кореянын технологиялык компаниясы менен меморандумга кол койду

23-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 438

Эл аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен аталган компаниянын башкы директору Ли Су-Янг өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Маалыматка ылайык, LNC Elecom Co. Ltd жогорку технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенет. Компаниянын негизги багыттарына кайра жаралуучу энергетика, электромобилдүүлүк, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана коопсуздук системалары кирет.

Тактап айтканда, компания күн энергиясын өндүрүү жана энергияны сактоо системаларын долбоорлоо, электромобилдер үчүн кубаттоо инфраструктурасын киргизүү жана тейлөө, программалык камсыздоону иштеп чыгуу, ошондой эле видеобайкоо жана имараттарды башкаруу системаларын орнотуу боюнча кызматтарды көрсөтөт.

Меморандум жогорудагы багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө жана инфраструктураны өнүктүрүү, туруктуу өсүштү камсыз кылуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөрү белгиленди.

23-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 438
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X