Кыргызстан TAJ-TECH 2026да стартаптарга инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды
Душанбе шаарында өтүп жаткан TAJ-TECH 2026 көргөзмөсүндө Кыргызстан стартаптарды өнүктүрүү, венчурдук каржылоо жана санариптик кызматташтык боюнча мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.
Иш-чаранын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин стартаптар форуму жана санариптик кызматташтыкка арналган панелдик сессия өттү. Кыргызстанды Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов өкүлдөдү.
Ал технологиялык ишкердикти өнүктүрүү үчүн түзүлүп жаткан шарттар, венчурдук каржылоо жана инвесторлорду санариптик коштоо тууралуу маалымат берди.
Койчумановдун айтымында, Кыргызстанда 2026-жылы «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, стартаптарга инвестиция тартуунун укуктук негиздери түзүлдү. Анда келечектеги үлүшкө укук берүү жана конвертациялануучу зайым сыяктуу каржылык инструменттер каралган.
Ошондой эле санариптик кызматташтыкта энергетика, суу ресурстарын башкаруу жана логистика артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди. Бул тармактарда ресурстарды интеллектуалдык эсепке алуу, жүктөмдү болжолдоо жана жүк ташууларды санариптик башкаруу чыгымдарды азайтып, кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Мындан тышкары, инвестициялык долбоорлорду жана аларды макулдашуу процесстерин бир системага топтой турган «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык системасы өнөр жайлык пайдаланууга даярдалып жатканы айтылды.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ШКУ өлкөлөрү менен тажрыйба алмашууну улантып, жаңы инвестициялык жана технологиялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.