"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстан таштанды маселеси боюнча Италия менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Италиянын TRITOR S.R.L. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда катуу тиричилик жана медициналык калдыктарды кайра иштетүүгө багытталган экологиялык таза технологияларды Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ылайыктуу аянтчаларды аныктоо маселелери каралды.

Иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документке ылайык, күнүнө 200 тоннага чейин таштандыны кайра иштетүү, полигондорду тазалоо жана медициналык калдыктарды өзүнчө иштетүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.