Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүн дүйнөлүк деңгээлге чыгарууда

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 154

Кыргызстан аймагынын дээрлик 90 пайызын тоолор түзгөн өлкө. Ошондуктан климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши, суу ресурстарынын азайышы жана табигый кырсыктардын көбөйүшү өлкө үчүн өзгөчө маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Акыркы жылдары бул көйгөйлөрдү чечүү бир гана Кыргызстандын эмес, дүйнөдөгү бардык тоолуу мамлекеттердин алдында турган чоң милдетке айланды.

Ушул себептен Кыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселесин эл аралык деңгээлге чыгарууга аракет кылып келет. Өткөн аптада Австриянын борбору Вена шаарында өткөн жолугушуулар да ушул багыттагы маанилүү кадамдардын бири болду. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү

Динара Кемелова катышып, иш-чараларда тоолуу аймактарды өнүктүрүү, жаратылышты коргоо жана бул багытта эл аралык кызматташууну күчөтүү маселелери талкууланды.

Кыргызстандын демилгеси менен уюштурулган тегерек столго Австриянын мамлекеттик өкүлдөрү, ЕККУнун, БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча сунуштары жана демилгелери каралды. Негизги көңүл тоо экосистемаларын сактоого, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы биргелешкен аракеттерге жана эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө бурулду.

Бул кызматташтык Кыргызстан үчүн бир нече багытта маанилүү. Биринчиден, өлкө тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган эл аралык каржылык жана техникалык колдоону тартууга мүмкүнчүлүк алат. Экинчиден, башка тоолуу өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү аркылуу жаратылыш байлыктарын башкарууну жакшыртууга шарт түзүлөт. Үчүнчүдөн, Кыргызстан тоолуу мамлекеттердин көйгөйлөрүн көтөргөн өлкө катары эл аралык аренадагы ролун күчөтө алат.

Тоолуу өлкөлөрдүн негизги көйгөйлөрү

Дүйнөдө Кыргызстан, Непал, Тажикстан, Швейцария сыяктуу тоолуу мамлекеттер көп. Тоолор бул өлкөлөрдүн чоң байлыгы болгону менен, бир катар көйгөйлөрдү да жаратат.

Эң негизги көйгөйлөрдүн бири — климаттын өзгөрүшү. Мөңгүлөрдүн эриши суунун көлөмүнө таасир берип, айыл чарбасына, энергетикага жана элдин жашоосуна кыйынчылык жаратууда. Ошондой эле сел, жер көчкү, кар көчкү сыяктуу табигый кырсыктар көбөйүп, адамдардын коопсуздугуна жана инфра-структурага зыян келтирүүдө.

Дагы бир маселе — инфраструктуранын өнүгүшү. Тоолуу аймактарда жол куруу, электр энергиясын жана байланыш системаларын жеткирүү түз аймактарга салыштырмалуу кыйла татаал жана кымбат. Бул алыскы айылдардын өнүгүшүнө тоскоолдук кылат.

Экономикалык жактан да тоолуу аймактарда кыйынчылыктар бар. Айдоо жерлеринин аздыгы, жумуш орундардын жетишсиздиги жаштардын шаарларга жана башка өлкөлөргө кетишине себеп болууда. Натыйжада айрым аймактарда калктын саны азайып, экономикалык активдүүлүк төмөндөйт.

Тоолордун артыкчылыктары

Ошол эле учурда тоолуу өлкөлөрдүн чоң мүмкүнчүлүктөрү да бар. Биринчи кезекте — суу ресурстары. Тоолордон башталган дарыялар көптөгөн өлкөлөр үчүн маанилүү суу булагы болуп саналат.

Ошондой эле тоолуу мамлекеттер гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Суу энергиясын туура пайдалануу экономиканы өнүктүрүүгө жана таза энергия өндүрүүгө жардам берет.

Туризм дагы тоолуу өлкөлөр үчүн маанилүү тармактардын бири. Кооз жаратылыш, тоолор, көлдөр жана улуттук маданият дүйнөнүн ар кайсы бурчунан туристтерди тартууга шарт түзөт. Кыргызстан үчүн экологиялык жана тоо туризмин өнүктүрүү жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү экономиканын өсүшүнө жардам бере алат.

Кандай чаралар керек?

Адистер тоолуу өлкөлөр үчүн бир нече маанилүү багыттарды сунушташат. Алардын арасында мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын коргоо, токойлорду көбөйтүү, жайыттарды туура пайдалануу жана табигый кырсыктардын алдын алуу системаларын жакшыртуу бар.

Ошондой эле таза энергияны өнүктүрүү маанилүү. Суу, күн жана шамал энергиясын колдонуу айлана-чөйрөгө болгон зыянды азайтып, өлкөлөрдүн энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Кыргызстан акыркы жылдары бул багыттарга көбүрөөк көңүл буруп, туризмди өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аракеттерди күчөтүүдө.

Бишкектеги саммиттин мааниси

Ушул маселелердин алкагында 2027-жылы Бишкекте Экинчи Глобалдык Тоо саммити өтөт. Бул иш-чара Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат. Саммит аркылуу дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоолуу аймактардын көйгөйлөрүнө буруу, жаңы өнөктөштөрдү тартуу жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Венадагы жолугушуулардын жүрүшүндө Динара Кемелова Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелерин тааныштырып, эл аралык өнөктөштөрдү 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи Глобалдык Тоо саммитине активдүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, тоо маселелери боюнча биринчи Глобалдык Тоо саммити 2002-жылы Бишкек шаарында өткөн. Анда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн талкуулап, тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча Бишкек тоо платформасын кабыл алышкан. 25 жылдан кийин бул демилге кайрадан Бишкекте уланып, Экинчи Глобалдык Тоо саммити өткөрүлөт.

Жазгүл Кенжетаева

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X