«Кыргызстан үчүн 100 идея»: жаштардын долбоорлору эл аралык сынакка жолдомо алат

21-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 53

2026-жылдын 20-ноябрында жаштардын «Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык долбоорлор сынагы өттү. Анын жүрүшүндө катышуучулар өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган демилгелерин, инновациялык долбоорлорун жана илимий-техникалык идеяларын сунушташты.

Сынак 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын жаштар саясатынын концепциясынын алкагында уюштурулду. Анын максаты — жаштардын чыгармачылык, интеллектуалдык жана инновациялык потенциалын өнүктүрүү, коомдук турмушка активдүү катышуусуна шарт түзүү жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын арттыруу.

Республикалык сынактын жеңүүчүлөрү 2027-жылы өтө турган «КМШ үчүн 100 идея» эл аралык сынагына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул жаштардын долбоорлорун эл аралык деңгээлде таанытууга, тажрыйба алмашууга жана келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жол ачат.

21-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 53
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X