«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 300 миң даана акылдуу эсептегич орнотот
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында кытайдын эң чоң компанияларынын бири Kaifa (Shenzhen Kaifa Technology) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында, 2026-жылга 300 миң даана акылдуу эсептегич сатып алуу боюнча келишимге «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев менен Kaifa компаниясынын жетекчилиги кол коюшту. Алдыда үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен дагы 90 миң даана акылдуу эсептегич сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Айта кетсек энергетика тармагындагы финансылык тартипти чыңдоодо автоматташтырылган эсепке алуу системасы (АСКУЭ) маанилүү роль ойноду. 2025-жылдын аягына чейин өлкө боюнча 500 100 даана акылдуу эсептегичтер орнотулуп, «Кыргызстан УЭТ» ААК 2025-жылы орноткон акылдуу эсептегичтердин жалпы саны 923 миңден ашты. Бул эсепке алуунун тактыгын жогорулатып, электр энергиясын жоготууну 11,7 пайыздан 10,6 пайызга түшүрдү, жоготуунун азайышы менен орточо тариф менен алганда 373,8 млн. сом үнөмдөөгө жол ачылды.
Андан тышкары акылдуу эсептегичтерди орнотуунун алкагында 415 штаттык бирдик кыскарып, 291,2 млн.сом эмгек акынын эсебинен азайды. Натыйжада «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кирешелүүлүгү өсүп, мамлекеттик бюджетке болгон басым да азайды.
Бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана энергетика тармагын модернизациялоого, электр энергиясын реалдуу убакытта так эсептөөгө жана жоготууларды азайтууга багытталган.
Акылдуу эсептегичтин артыкчылыктары:
* Автоматтык маалымат берүү: Көрсөткүчтөр серверге реалдуу убакыт режиминде өзү барат, контролёрдун үймө-үй кыдыруусуна муктаждык жок.
* Аралыктан башкаруу: Дебитордук карыз болгондо же төлөм жүргүзүлгөндө электр энергиясы автоматтык түрдө аралыктан өчүрүлүп/күйгүзүлөт.
* Энергияны үнөмдөө жана көзөмөл: Керектөөчүлөр электр энергиясын колдонуу схемаларын реалдуу убакытта көзөмөлдөп, үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.
* Коопсуздук жана сапат: Ашыкча жүктөмдөн коргойт, тыштан кийлигишүү болсо дароо кабар берет жана чыңалуунун туруктуулугун жогорулатат.
* Адам факторун жокко чыгаруу: Эсептегичти кол менен жазууда кетирген каталарды жана уурдоо фактыларын азайтат.