Кыргызстан Жапония менен инвестициялык кызматташууну кеңейтет
Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Жапониянын бизнес-делегациясы менен жолугушуу өттү. Анда эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана жаңы инвестиция тартуу маселелери талкууланды.
Жолугушууда жапон тарапка Кыргызстандагы инвестициялык абал, инвесторлорго берилген мамлекеттик колдоо, салык жана укуктук жеңилдиктер, ошондой эле капиталды коргоо кепилдиктери тууралуу маалымат берилди.
Негизги көңүл энергетика, жол жана башка инфраструктура, өнөр жай, агроөнөр жай жана санариптик өнүгүү тармактарына бурулду. Ошондой эле ишкердик шарттарын жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтылды.
Japan International Cooperation Agency (JICA) уюмунун эксперти Кыргызстан инвестиция үчүн ыңгайлуу географиялык жайгашууга жана регионалдык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгиледи. Долбоорлорду ишке ашыруунун жол-жобосу жана мамлекет тарабынан көрсөтүлө турган колдоо чаралары түшүндүрүлдү.
Жыйынтыгында тараптар конкреттүү инвестициялык демилгелер боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга кызыкдар экенин билдиришти.