Кыргызстан желим баштыктан баш тартууга даярбы?
2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда полимер пленкасынан жасалган баштыктарды өндүрүүгө, сатууга жана соода-сатык жайларында акысыз таратууга өлкө боюнча тыюу салуу каралган. Мындай чечимге Кыргызстан бир канча жылдардан бери акырындык менен кадам таштап келе жатат. Учурда мыйзам боюнча өзгөчө коргоого алынган аймактарда полимер пленкасын колдонууга тыюу бар. Бирок, тилекке каршы мыйзам толук кандуу иштеп кете албай жатканын баарыбыз эле көрүп, билип турабыз.
Кыргызстанда желим баштыктарды жүгүртүүнү чектөө маселеси алгач Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо демилгелеринин алкагында көтөрүлгөн. 2022-жылы Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө жарлык чыгарган. 2023-жылы көлдүн жаратылышын коргоо максатында желим буюмдардан экологиялык жактан коопсуз таңгактарга өтүү маселеси мамлекеттик деңгээлде талкууланган. Ал эми «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, азыркы төрага Марлен Маматалиев болгон. Парламент мыйзам долбоорун 2023-жылдын 29-июнунда үчүнчү окууда кабыл алып, Президент Садыр Жапаров ага ошол жылдын 9-августунда кол койгон.
Алгач чектөөлөр өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарда киргизилип, Ысык-Көл облусу пилоттук аймак катары каралган. 2025-жылдын 1-мартынан тарта Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында, парктарда, пляждарда жана көлдүн жээгинде желим баштыктарды жана пластик буюмдарды колдонуу менен сатууга байланыштуу жоопкерчилик күчүнө кирген. Бирок, тилекке каршы мыйзам толук иштеп кете алган жок. Быйылкы жайкы сезон убагында көл кылаасында желим баштыктардын кеңири эле колдонулуп жатканын көрдүк. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгынын журналистика бөлүмүнүн начальниги Асел Барыктабасова 2024-жылы көлдүн курорттук аймагында жана көл астында желим баштыктардын өтө көбөйүп кеткендигинен улам, атайын пилоттук долбоор киргизилип, ири дүкөндөрдө кагаз баштыктар сатыла баштагандыгын тастыктады. Анын айтымында учурда долбоор иштейт. Бирок, майда дүкөндөр дале желим баштык сатууну токтотуша элек. Эс алуучулар да аймакка тыюу салынган буюмдарды эркин алып киришүүдө. Эми, 2027-жылдан тарта чектөөлөр өлкө боюнча жайылтылганы турат.
Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бир жолу колдонулуучу желим баштыктарга тыюу салуу же аларды пайдаланууну чектөө боюнча чаралар көрүлгөн. Мисалы, Руанда жана Кения желим баштыктарды өндүрүүгө, сатууга жана колдонууга каршы катуу чектөөлөрдү киргизген өлкөлөрдүн катарына кирет. Ирландияда болсо желим баштыктар үчүн акы алуу аркылуу аларды керектөөнү азайтуу саясаты колдонулган. Желим баштыктын ордуна бир нече альтернатива бар. Алар кездемеден жасалган баштыктар, кагаз, кайра колдонулуучу сумкалар жана тор, биоыдыроочу таңгактар деп бөлүнөт. Андыктан желимдин ордун басуу үчүн өлкөдө жаңы өндүрүштү, болбосо импортту талап кылган жаңы системаны түптөөгө туура келет.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2024-жылдын 18-октябрындагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда колдонулган полимер баштыктардын 85 пайызы, ал эми кагаз баштыктардын 95 пайызы чет өлкөлөрдөн импорттолот. Бул көрсөткүчтөр экологиялык таңгактар рыногунда да импорттун ролу чоң экенин көрсөтөт.
Улуттук статистика комитетинин 2022–2024-жылдардагы маалыматтарында Кыргызстанда желим баштыктардын өндүрүшү 2022-жылы 588 тонна, 2023-жылы 893 тонна, 2024-жылы 707,7 тоннаны түзгөнү белгилүү. Ал эми импорт 2024-жылы 15,4 миң тоннага жеткен. Бул маалыматтар желим баштыктар боюнча ата мекендик өндүрүш импорттун көлөмүнөн кыйла төмөн экенин көрсөтөт. Бирок бул көрсөткүчтөрдү кагаз, кездеме жана биоыдыроочу таңгактарды чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен түздөн-түз теңөөгө болбойт.
Демек, Кыргызстанда экологиялык таңгактарга болгон ички суроо-талапты толук канааттандыруу мүмкүнчүлүгү жетпеши ыктымал. Ошол себептен, мыйзам толук иштеп кетүү үчүн өлкө өз ички өндүрүшүн жолго коюшу маанилүү. Өндүрүштү көбөйтүү үчүн ишканаларга жабдуу сатып алууга жеңилдетилген насыя берүү, чийки зат менен камсыздоо, экологиялык таңгактардын сапатын текшерүү жана чакан ишканаларды колдоо сыяктуу чаралар каралышы күтүлө турган жагдайлар.
Полимер баштыктары күнүмдүк турмушта кеңири колдонулат. Азыр айрыкча ар бир үйдө, дүкөндө, көчөдө, дегеле бардык жерде аларды баш аламан пайдалануу күчөдү. Желим баштыктар жеңил, арзан жана ыңгайлуу болгону абалды андан бетер оорлотуп, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирилүүдө. Өзгөчө бир жолу колдонулуп, андан кийин таштандыга айлангандары экологиялык көйгөйлөрдүн сап башына чыкты. Андыктан, Кыргызстандын желим баштыктарды чектөө боюнча чечими экологиялык саясаттагы маанилүү кадам болуп саналат. Бирок, анын натыйжасы мыйзамдын кабыл алынышы менен гана эмес, калктын жаңы адаттарга өтүшү, ишкерлердин даярдыгы жана экологиялык таңгактардын жеткиликтүүлүгү менен аныкталары бышык.
Жазгүл Кенжетаева