Кыргызстан ЖКЭУнун Аткаруу кеңешине төрагалык кылат

28-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 234

Швейцариянын Женева шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Эл аралдык жарандык коргонуу уюмунун Аткаруу кеңешинин 54-сессиясы өтөт. Төрагалыкты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аткарат. Төраганын орун басары болуп Грузиянын өзгөчө кырдаалдар кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Леван Гирсиашвили шайланды.

«Дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнөн турган ЖКЭУна төрагалык кылуу биздин өлкө үчүн чоң сыймык, анткени дал ушул орган жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында орчундуу чечимдерди кабыл алат. ЖКЭУ жарандык коргонуу жаатындагы чет мамлекеттер менен аймактык жана глобалдык деңгээлде кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдыруу үчүн табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу тармагына инвестицияларды тартууга салымын кошот” — деп белгиледи КРдин ӨК министри Б.Ажикеев.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X