Кыргызстанда 10-март иш күнү болот
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертти. Белгиленгендей, быйыл 8-март — Аялдардын эл аралык күнү ишембиге туура келет. Бирок январь айында кабыл алынган жаңы Эмгек кодексине ылайык, мындан ары ишемби, жекшембиге туш келген майрамдар үчүн башка күнү дем алыш болбойт.