Кыргызстанда $100 млн инвестиция тартылчу жаңы логистикалык борбор түзүлөт
Кыргызстанда ири транспорттук-логистикалык долбоорду ишке ашыруу боюнча маанилүү кадам жасалды. Бүгүн, 10-сентябрда, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Текстиль Транс» ЖЧКсы «Сары-Таш» эл аралык транспорттук-логистикалык борборун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду.
Долбоорго 100 млн долларга чейин инвестиция тартуу пландалууда.
«Сары-Таш» борбору Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан багытындагы эл аралык транспорттук каттамдын негизинде түзүлүп, келечекте Пакистанга чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Долбоордун алкагында жүктөрдү сактоо, топтоо жана кайра жүктөө, таразага тартуу, бажылык-брокердик кызмат көрсөтүү жана жүктөрдү санариптик көзөмөлдөө үчүн заманбап инфраструктура түзүлөт.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун айтымында, долбоор Кыргызстанды Кытай, Борбордук жана Түштүк Азияны байланыштырган маанилүү транспорттук жана соода түйүнүнө айлантууга жол ачат.
«Сары-Таш» долбоору транзитти жана сооданы жандандырып, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө түрткү бериши күтүлүүдө.
Меморандум ошондой эле транспорттук-бажылык логистика жана текстиль кластерин өнүктүрүү боюнча тараптардын узак мөөнөттүү кызматташуусун карайт.
Долбоор ишке ашса, Кыргызстандын транзиттик потенциалы күчөп, бизнес жана эл аралык соода үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.