Кыргызстанда 115 фостердик үй-бүлөдө 244 бала тарбияланууда

11-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 84

Кыргызстанда учурда 115 фостердик үй-бүлө иштеп, аларда 244 бала тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, фостердик үй-бүлө системасын өнүктүрүүгө жыл сайын республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт. Анын алкагында фостердик ата-эне болууга талапкерлер даярдалып, балдарды үй-бүлөдө багууга шарт түзүлөт.

Министрликтин маалыматына караганда, 2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматынан пайдаланган.

11-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 84
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X