Кыргызстанда 184 миң гектар жайыт деградацияга учураган
Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын алкагында жайыттарга мониторинг жүргүзүү, аларды натыйжалуу башкаруу жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук тегерек стол өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, ФАОнун, эл аралык уюмдардын жана өнөктөш долбоорлордун өкүлдөрү катышты.
Талкууда жайыттардын абалы, деградацияга учураган аймактарды калыбына келтирүү, инфраструктураны жакшыртуу жана башкаруу системасын санариптештирүү маселелери каралды.
Белгиленгендей, Кыргызстандагы табигый жайыттардын аянты 8 млн 985 миң гектардан ашат. Анын 184 миң гектардан ашыгы деградацияга учураган.
Тегерек столдун жүрүшүндө жайыттарды жакшыртуу боюнча 2026–2027-жылдарга каралган программанын максаттары жана 2030-жылга чейинки пландар талкууланып, мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташуусун күчөтүү зарылдыгы белгиленди.